Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата негизги майрамдык иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарынын эски аянтында күндүзгү концерттик программалар уюштурулат.
Ошондой эле 30-31-август күндөрү Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында төкмө акындардын эл аралык айтышы болот.
Мындан тышкары, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын ачылышына карата мамлекет башчысынын жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда кечки чоң концерттик программа өтөт.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн билдиргенине караганда , эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата 34 жаңы социалдык жана өнөр жай объектилерин ачуу пландалууда. Учурда алардын басымдуу бөлүгүндө курулуш иштери аяктоо алдында турат.
Мындан сырткары, жаштар үчүн алыш күрөш, таяк тартыш сыяктуу улуттук оюндар, ар түрдүү маданий иш-чаралар жана спорттук мелдештер уюштурулат. Ошондой эле жарманкелер жана көргөзмөлөр өтөт. Бул иш-чарага өлкөнүн жети облусунан өкүлдөр катышат. Алар ар бири өз облусуна тиешелүү продукцияларды алып келип, атайын тигилген жети боз үйдө көрсөтмөлөрдү уюштурушат. Майрамдык салтанатка 30 миңден ашуун адамдын келиши күтүлүүдө.