15:06
USD 87.45
EUR 101.92
RUB 1.09

Ошто турак жайда өрт чыкты. ӨКМ тургундарды эвакуациялады

Бүгүн, 22-августта эртең менен Ош шаарында беш кабаттуу үй өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт Салиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 5-кабатынан чыккан. Аны өчүрүүгө саат 09.51де Ош шаардык No13 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Кошумчалай кетсек, саат 10.04тө дагы бир бригада жана өрт тепкичи жөнөтүлгөн.

Кошумчалай кетсек, саат 10.30да өрттү өчүрүүгө 4 куткаруучу жана Ош шаардык Куткаруу кызматынын штабы кошулган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялаган видеодо куткаруучунун ымыркайды шейшепке салып көтөрүп баратканын көрүүгө болот.

Саат 10.46га карата өрттү аныктоо иштери жүргүзүлүп, учурда толугу менен өчүрүү иштери жүрүп жатат. Көп кабаттуу үйдүн жашоочулары куткаруучулар тарабынан эвакуацияланды.

Эң көп окулган жаңылыктар