13:38
USD 87.45
EUR 101.92
RUB 1.09

Кыргызстанда туризм: ИДПдагы үлүшү 4,3 пайызга жетти

КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн ички дүң продуктусунда (ИДП) туризмдин үлүшү 4,3 пайызды түздү. Бул көрсөткүч 3,9 пайызды түзгөн 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,4 пайызга көптүк кылат. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, эгер азыркы тенденция улана берсе, анда 2025-жылдын аягына чейин туризм тармагы 2019-жылдан бери биринчи жолу Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 4 пайыздан ашыгын түзөт.

Өлкөнүн туризм тармагында 144 миң ишкердик субъекти катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 6 пайызга көп. Бул маалыматтар Кыргызстандын туристтик индустриясынын туруктуу өсүшүн жана өнүгүп жатканын көрсөтүп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар