Кыргызстандын Чүй облусунда куткаруучулар Ала-Арча капчыгайындагы Байчечекей чокусунда түшө албай калган орусиялык эки альпинистти куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 20-август күнү кечинде болуп, чокудан Илюшинка 4б татаал трассасы менен кайтып келе жаткан альпинисттер караңгыда жолдон айрылып, тоодо түнөөгө аргасыз болушкан.
Аталган чоку деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып, саат 06:55те чокуда калган альпинисттерди тик учак менен Бишкек шаарына саат 07:19да алып келген.
ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын дарыгерлери аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү.