Чолпон-Ата шаарында «Кыргызстандагы немис экономикасынын күнү» кыргыз-герман бизнес форуму жана кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин төртүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди.
Форумдун программасы эки тематикалык панелдик сессияны камтыйт:
• «Энергетика тармагындагы долбоорлор» — «жашыл» энергетика жана инфраструктура багытындагы кызматташтык маселелери талкууланат;
• «Экспорттук потенциал жана логистика: Ортоңку коридордун мүмкүнчүлүктөрү» — соода жолдорун өнүктүрүү жана логистикалык чынжырларды азыркы чакырыктарга ылайыкташтыруу боюнча пикир алмашуу болот.
Форумга мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөлөрдүн, тармактык бирикмелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана инвесторлор катышат. Максаты — Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык диалогду активдештирүү жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү болуп саналат.