02:50
USD 87.43
EUR 101.42
RUB 1.08

Бообек Ажикеевге «генерал-лейтенант» жогорку аскердик наамы ыйгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Бообек Ажыкеевге «генерал-лейтенант» жогорку аскердик наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Ажикеев Бообек Эргешевичке «генерал-лейтенант» жогорку аскердик наамы ыйгарылды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, Бообек Ажыкеев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин 2021-жылдын февраль айынан бери жетектеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар