16:43
USD 87.45
EUR 101.92
RUB 1.09

Токаевдин иш сапарына байланыштуу Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилет

ИИМден
Фото ИИМден

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик сапарына байланыштуу 21-22-августта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн мамлекеттик деңгээлде 3,5 миңге жакын милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.

Маршрут боюнча: «Манас» аэропортунан мамлекеттик резиденцияга чейин, андан ары Дооронбек Садырбаев көчөсү менен «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин унаа кыймылы убактылуу чектелет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги иш сапардын маанисин эске алуу менен жарандарды киргизилип жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну жана каттамдарды алдын ала пландаштырууну, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелерин сактоону өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар