12:40
USD 87.43
EUR 101.42
RUB 1.08

Кыргызстан ири инвесторлорду тартуу шарттарын жөнөкөйлөштүрдү

Кыргызстанда бизнес жүргүзүү жана түз чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ири бизнести стимулдаштыруу боюнча конкреттүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди.

Ага ылайык, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, инвесторлорго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен түздөн-түз жеке инвестициялык келишим түзүү мүмкүнчүлүгү берилген.

Бул эреже 10 миллион доллардан кем эмес инвестиция салууну каалаган инвесторлорго, ошондой эле төмөнкүлөргө ээ болгондорго тиешелүү:

— эл аралык ишкердик репутация;

— ийгиликтүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда уникалдуу билим жана тажрыйба.

Инвестициялык келишимдин алкагында инвесторлорго төмөнкү жеңилдиктер берилиши мүмкүн:

— салыктык жана бажылык жеңилдиктер жана преференциялар;

— негизги кызматкерлерге визалык колдоо көрсөтүү;

— долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин тандоого жана каттоого көмөк көрсөтүү.

Эң көп окулган жаңылыктар