Чүй облусунда бир катар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 7-февралында жаран Ш.Ж. Аламүдүн РИИБге арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз адам жабырлануучунун ишенимине кирип, жабырлануучуга тиешелүү жалпы баасы 300 миң сомдук 15,22 тонна арпаны ээлеп алганын билдирген.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголду.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган К.У. аттуу жаран аныкталып, ага карата ушул сыяктуу фактылар боюнча дагы башка көрсөтмөлөр бар экени аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө К.У. издөө жарыяланган.
2025-жылдын 14-августунда Аламүдүн РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.Анын Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ушуга окшош алдамчылык фактыларына катыштыгы текшерилүүдө.