Түндө Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 1:08де катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Канжыга айылынан 19 чакырым түштүк-чыгышты карай, Ара-Бел айылынан 19 чакырым түндүктү карай, Көк-Жаңгак шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышты карай, Жалал-Абад шаарынан 66 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Кажыга айылында 3 балл, Ара-Бел айылында 2,5 баллга жеткен.