03:04
USD 87.45
EUR 101.82
RUB 1.12

Караколдо мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке өттү

УКМК бала бакчаны жана ага жакын аймакты Каракол шаардык мэриясынын менчигине кайтарып берди. Бул тууралуу аталган мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө бала бакчанын имаратын жана анын 35 сотых аймагын менчиктештирүүдө мыйзам бузуулар аныкталган. Алардын болжолдуу баасы 30 миллион 872 миң сомду түзөт.

Бала бакчанын имараты жана ага жакын аймактар мурда Каракол шаарынын муниципалитетинин балансында турганы аныкталган. Бирок, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана социалдык инфраструктуранын объектилерин ээликтен ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды бузуу менен жогоруда аталган объектилер мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткен.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын имараты жана анын аймагы ыктыярдуу түрдө Каракол шаарынын муниципалитетинин балансына өткөрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар