03:09
USD 87.45
EUR 101.82
RUB 1.12

Легендарлуу рок ырчысы Оззи Осборн дүйнө салды

Улуу Британияда дүйнөгө белгилүү рок-музыкант, Black Sabbath тобунун негиздөөчүсү жана хэви-метал жанрынын чебери Оззи Осборн 76 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу анын үй-бүлөсүнүн билдирүүсүндө айтылган.

«Бүгүн эртең менен биздин сүйүктүү Оззи Осборндун каза болгонун жарыялообуз керек экенин абдан кайгыруу менен айтып жеткире албайбыз. Ал үй-бүлөсү менен болгон жана сүйүү менен курчалган. Ушул оор мезгилде ар бир адам үй-бүлөбүздүн купуялуулугун урматтоону суранабыз», — дешти алар.

5-июлда Осборн акыркы жолу Black Sabbath менен концерт коюп, күйөрмандары менен кош айтышкан. Концерт анын туулган шаары Бирмингемдеги Villa Park стадионунда өтүп, түшкөн каражат кайрымдуулукка берилген. Ал концертте Осборн Паркинсон оорусуна байланыштуу ырларды тактыда отуруп аткарган.

Оззи Black Sabbath тобунда 1969—1977-жылдары ойноп, кийинчерээк жеке карьерасын уланткан. Ал АКШнын Рок-н-ролл даңк залында жана Улуу Британиянын музыкалык Даңк залында да бар. Осборндун ысымы Бирмингем жана Голливуддагы «Даңк аллеясына» жазылган. 2014-жылы MTV Europe аны «Global Icon» наамы менен сыйлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар