31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу өткөрүлөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.
Анын айтымында, быйыл президенттин кубогу 25-жолу өткөрүлүп, эң жогорку даражадагы мелдеш болот. Ошондой эле бул оюн март айындагы көк бөрү оюну учурунда болгон кырсыктан кийин, коопсуздук эрежелерин күчөтүү менен биринчи жолу уюштурулуп жатат.