04:09
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте футбол боюнча олимпиадалык курамалар арасында эл аралык мелдеш өтөт

23-июлга чейин Бишкек шаарында футбол боюнча олипиадалык курамалар арасында (U-23) эл аралык футбол мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирге Кыргызстандан тышкары Оман, Бахрейн жана Сирия мамлекеттеринин курамалары катышат.

Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана «Достук Арена» (Беш-Күңгөй) футбол клубунун стадионунда өтөт.

Мелдештер атайын оюн-зоок жана концерттик программалары менен коштолот:

баалуу байгелер — башкы байге: чет өлкөгө эс алуу жолдомосу

акысыз балмуздак

аквагрим жана оюн-зоок зоналары

даамдуу тамактар менен фудкорт

Ал эми концерттик бөлүгүнө Султан Садыралиев, Нурайым Акылбекова жана башка коноктор катышат.

Мелдештин жүгүртмөсү:

17-июль — 20:00 Оман — Бахрейн (ФК «Достук Арена»);

20:00 Кыргызстан — Сирия (Д. Өмүрзаков стадиону);

20-июль — 20:00 Сирия — Бахрейн (ФК «Достук Арена»);

20:00 Кыргызстан — Оман (Д. Өмүрзаков стадиону);

23-июль — 20:00 Оман — Сирия (ФК «Достук Арена»);

20:00 Кыргызстан — Бахрейн (Д. Өмүрзаков стадиону);

Белгилей кетсек, мелдеш 1-9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турчу Азия кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы E тайпасына Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.

Эң көп окулган жаңылыктар