Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарына өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Токтом бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүүгө жана стандартташтырууга багытталган.
Тактап айтканда, өзгөртүүлөр медициналык мекемелердин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын эмгек акысын төлөө шарттарына таасирин тийгизди. Кызматкерлердин төмөнкү категориялары үчүн эмгекке акы төлөөнүн жаңы коэффициенттери белгиленди:
Башкы жана кадимки ашпозчулар;
чарбалык жана кампа кызматтарынын жетекчилери;
Тез жардам жана адистештирилген транспорттун айдоочулары;
Медициналык техниктер, электриктер, слесарлар;
Медсестралар, тазалоочулар, кир жуугучтар жана башка жардамчы кесиптеги жумушчулар.
Маселен, жеңил медициналык унаалардын айдоочулары 1,75 коэффициент менен, ал эми кыймылдаткычы чоң унаалардын айдоочулары 2,05 коэффициент менен айлык алышат. Тазалоочу жана медайым сыяктуу кенже тейлөөчү персонал үчүн 1,40 жана андан төмөн коэффициент белгиленген.
Саламаттыкты сактоо министрлигине өзүнүн ченемдик укуктук актыларын жаңы талаптарга ылайык келтирүү жана аларды ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.