22:28
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ваучер механизми. Грант алууга 560тан ашык арыз түшкөн

560тан ашуун абитуриент ЖОЖдордогу педагогикалык окуу программаларына жолдомо алуу үчүн кайрылышкан. Мындай маалыматтар «Абитуриент Онлайн» автоматташтырылган маалымат системасында камтылган.

Көбүнчө арыздар айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн түшкөн — 340тан ашык. 100дөн бир аз ашык арыз бийик тоолуу райондордон, 80ден ашууну кичи шаарлардан жана 35тен ашууну Бишкек шаарынан келген.

Ваучерге арызды Бүткүл республикалык тестирлөөнүн негизги тестинен 130 балл алган абитуриенттер тапшыра алышат.

«Абитуриент онлайн» порталынын маалыматына ылайык, ваучер алууну каалагандар ЖРТда 130дан 214кө чейин упайга ээ.

Эске салсак, арыздар 12-июль саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

ЖОЖдорго кабыл алуу өнөктүгүнүн графиги расмий түрдө бекитиле элек.

Эң көп окулган жаңылыктар