Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордук Ала-Тоо аянтындагы Айкөл Манас эстелигинин постаментинин реконструкциясы менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда постаменттин дубалын орнотуп жана жабдуу иштери жүрүп жатканы айтылды.
Долбоор боюнча постаменттин бийиктиги 22,7 метр, туурасы 6,2 метр, 2,5 метрге чейин кууш.
Айкелдин бийиктиги 10,3 метрди түзөт. Айкелдин конструкциялык бөлүгү монолиттүү темир-бетондон жасалган.
Ишти подрядчы ООО «Эталон Вин Спец Строй» жүргүзүүдө.
Борбор калаа башчысы капиталдык башкармалыкка аткарылган иштердин сапатын жана объекттин бүтүрүү мөөнөтүн көзөмөлгө алууну тапшырды. Долбоордун ишке ашырылышына автордук көзөмөлдү «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси жүргүзүүдө.