21:23
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Чүй облусунда 1400 орундуу мектеп капиталдык оңдоодон өтүп жатат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында жайгашкан Б.Бейшеналиев атындагы орто мектепте КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

2025-жылдын 8-июлунда турак-жай жана жарандык курулуш департаментинин директору Ислан Момоконов жеринде болуп, оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Белгилей кетсек, мектептин биринчи окуу корпусу 1964-жылы, экинчиси 1984-жылы курулган. Билим берүү мекемеси 1400 окуучуга эсептелген болсо, учурда мектепте 1200дөн ашык бала билим алууда.

Капиталдык оңдоо иштери 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланат. Тендердин жыйынтыгында долбоордун баасы 173,6 млн сомду түздү. Бүгүнкү күндө оңдоо иштеринин 70 пайызга жакыны бүткөрүлдү. Мектепти толук бүткөрүп, ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар