Мектеп-интернаттарды жана атайын окуу жайларды капиталдык ремонттон өткөрүүгө 105,5 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, балдардын билим алуусу жана жашоо шартын жакшыртуу максатында бир катар билим берүү мекемелеринде капиталдык оңдоо иштери пландалган.
Бөлүнгөн каражат имараттардын чатырларын алмаштырууга, жылуулук, суу жана электр тармактарын оңдоого, санитардык түйүндөр менен ички мейкиндиктерди жаңылоого жумшалат.
«Аталган иштердин сапаты жана белгиленген мөөнөттүн сакталышы катуу көзөмөлгө алынат.Таза жана жоопкерчиликтүү уюштуруу бүткүл системанын ийгилигинин негизи», — деди Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева.
Ал кадр маселесине да токтолду. Анын айтымында, чакан класстарды ачууга жол берилбеши керек.