01:29
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Дональд Трамп кайрадан Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү

АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжалды токтотууда «тарыхый ролду» ойногону үчүн Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү. Республикачыл конгрессмен Нобель комитетине кат жазганын Fox News агенттигине таянып, орус басылмалары билдирди.

Маалыматка ылайык, Республикачыл конгрессмен Бадди Картер АКШ президенти Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчу болгон соң Дональд Трампты Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады.

Нобель комитетине жазган катында республикачыл конгрессмен Трамп «Израиль менен Ирандын ортосундагы куралдуу кагылышууну токтотууда жана терроризмдин дүйнөдөгү эң ири демөөрчүсү болгон мамлекеттин планетадагы эң коркунучтуу куралга ээ болушуна жол бербөөдө жана өзгөчө тарыхый ролду ойногондугун айтты.

«Президент Трамптын таасири көптөр мүмкүн эмес деп ойлогон келишимге тез жетишүү үчүн чоң роль ойноду. Президент Трамп дагы Ирандын өзөктүк амбицияларын токтотуу жана терроризмдин дүйнөдөгү эң ири демөөрчүсү өзөктүк куралга ээ боло албай калышын камсыздоо үчүн тайманбас, чечкиндүү кадамдарды жасады», — деп жазган Картер катында.

Трамп шейшемби күнү кечинде күчүнө кириши керек болгон «12 күндүк согушту» токтотуу үчүн дүйшөмбү күнү кечинде ок атышпоо жарыялады. Ошондон бери эки тарап ок атышпоо келишимин бузуп, бири-бирин күнөөлөп келишет.

Дональд Трамп буга чейин Индия менен болгон жаңжалда ортомчулук кылганы үчүн Пакистан өкмөтү тарабынан Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Нобель сыйлыгынын сайтынын маалыматы боюнча, учурда 2025-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгына 338 талапкер көрсөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар