Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев 24-kg.com агенттигине берген маегинде Чыңгыз Айтматов проспектисин бойлото — Түштүк магистралдан президенттин «Ынтымак Ордо» резиденциясына чейинки тилкеге асфальттын экинчи катмары төшөлгөнүн билдирди.
Анын айтымында, аталган тилкедеги бардык жумуштарды 15-июнга чейин бүткөрүү жана жол кыймылына ачуу пландалууда.
«Кечигүү жеке үйлөрдүн тосмолорун бузуу боюнча талаш-тартыштардан улам келип чыккан, ал реконструкцияга тоскоол болгон», — деп белгиледи Жамалбек Ырсалиев.
Ал ошондой эле тротуар жана веложол бүгүнкү күндө бүтпөй калганын, бирок көмөкчү чарбы аларды жабдып баштаганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов проспектиси масштабдуу жол өнөктүгүнүн алкагында реконструкцияланууда. Мэрия аны окуу жылынын башталышына чейин бүтүрүүгө аракет кылып жатышат.