Камбар-Ата ГЭСинин экинчи агрегатын курууга 138 миллион доллар сарпталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов билдирди.
Анын айтымында, 110 миллион доллар насыялык каражат, 28 миллион доллар өлкөнүн ички бюджетинен.
«Биз курулуш иштерин 2029-жылы бүтүрүүнү пландап жатабыз», — деп убада берди чиновник.