06:53
USD 87.45
EUR 102.25
RUB 1.03

Тажикстан менен Кыргызстан энергетика тутумдарын бириктирди

Тажикстан менен Кыргызстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров эки өлкөнүн энергосистемаларын бириктирген «Согди-Датка» электр өткөргүч линиясын (500 киловольт) ишке киргизишти. Бул тууралуу @politik_ca билдирди.

Бул долбоор CASA-1000 ири демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Анын максаты Борбор Азиядан Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталган.

Долбоор 2016-жылы башталган жана ага 1,2 миллиард долларга жакын каражат жумшалган. Тажикстан менен Кыргызстандагы электр өткөргүч линиясынын участоктору даяр, ал эми Ооган бөлүгү 2026-жылга чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө

Эң көп окулган жаңылыктар