05:17
USD 87.45
EUR 101.82
RUB 1.12

Аламүдүн районуна жаңы прокурор дайындалды

Аламүдүн районунун прокурору болуп Максат Камбаралиев дайындалды. Маалыматты 24-kg.com агенттигине Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Ушул убакка чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын борбордук аппаратында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп иштеген.

Эске сала кетсек, Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Жамалбек Сатыбалдиев 19-мартта Бишкекте 2,5 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал соттолуучудан соттун оң чечими үчүн акча талап кылган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.