20:01
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Ысык-Көл» аэропортунун тосмосу кайрадан кулап калды

«Ысык-Көл» аэропортунун тосмосу экинчи жолу кулап калды. Маалыматты 24-kg.com агенттигине «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы тастыктады.

Белгиленгендей, тосмо 17-февралда катталган катуу шамалдан улам кулаган. «Манас» аэропорту калыбына келтирүү маселеси боюнча азырынча комментарий бере элек.

Эске салсак, Тамчы аэропортунун айланасындагы тосмолор 2023-жылдын март айында болгон шамалдан улам тургузулгандан кийин эки айга жетпей урап түшкөн. Ал өткөн жылдын январь айында курулган.

Эң көп окулган жаңылыктар