20:11
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

COVID-19. «Тез жардам» кызматына кайрылгандардын саны өстү

«Тез жардам» кызматына кайрылгандардын саны 10 пайызга өстү. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине «Тез жардам» кызматынын жетекчиси Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, акыркы суткада 650 чакыруу болууда. Учурда линияда 38 бригада иш алып барып жатат.

«Орууканаларда орун бар. COVID-19дун алгачкы белгилери пайда болушу менен «118» номерине, же жергиликтүү бейтапканага кайрылыңыздар», — дейт ал.

2020-жылдын март айынан бери 115 миң 615 киши вируска чалдыгып, 1 миң 937 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар