«Аламүдүн-1» кичи районунун Ауэзов көчөсүндөгү «Чынар» базарынын жанында унаа токтотуу үчүн акча талап кылынууда. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурмандардын бири маалымдады.
Анын айтымында, ал мэрияга кайрылса Аламүдүн-1де акылуу унаа токтотуучу жай жок деп жооп беришкен.
«Анда айдоочулардан эмненин негизинде акча талап кылып жатышат? Дайыма жаңжалдашууга туура келет. Күн сайын ачык жашыл түстө кийинген ар башка адамдар», — дейт ал.
Окурман эмне үчүн бирөөгө акча төлөө керектигин түшүнбөй, мэриядан бул маселени чечип бериүүсүн өтүндү.
Кандайдыр бир окуяларга күбө болсоңуз 24-kg.com агенттигине 0555312024 номуру аркылуу WhatsApp же Telegram жөнөтсөңүз болот.