Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 24-kg.com, «Азаттык», Kloop ЖМКларына жана журналист Али Токтакуновго карата доо арызын кароо боюнча соттук процесс башталды. Сотто Жылдыз Ибраимова төрагалык кылууда.
Доогерлер — Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, анын жубайы Миновар Жумаева, Бажы кызматынын жетекчиснин мурунку орун басары Райымбек Матраимов, анын жубайы Уулкан Тургунова, ошондой эле «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук фонду.
24-kg.com агенттигинин өкүлү Эмил Жандаев маалымат агенттиги иликтөө жүргүзбөгөндүгүн, болгону Kloop жана «Азаттыктын» материалын жарыялаганын айтты. Буга байланыштуу 24-kg.com агенттиги доогердин талашты тынчтык жолу менен жөнгө салуу тууралуу сунушун угууга даяр экенин кошумчалады.
Сот 29-январга чейин тыныгуу жарыялады.
Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24-kg.com маалымат агенттигин сотко берген. Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, 24-kg.com агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.
Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24-kg.com шилтеме берип жазып чыккан.