Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди Аскер прокуратурасына чакырышты. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, көзөмөл органында Канат Сагымбаев менен анын кесиптеши бетме-бет кездештирилет.
«Канат Сагымбаев менен анын кесиптешинин көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар бар. Экөө тең күбө катары өтүүдө. Тергөөчүнүн процедуралык суроолору бар, ошондуктан Канат Сагымбаевди чакыртышты», -деди жактоочу.
Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24-kg.com агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.
Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган.
Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.
8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.