Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбекти суракка чакырышты. Маалыматты 24-kg.com агенттигине жактоочу Сергей Слесарев тастыктады.
Айтымында, учурда Сейитбек Атамбаев ИИМдин имаратында кармалууда. Бирок, анын кандай иш боюнча суракка чакырылганын жактоочу билбейт.
Эске салсак, экс-депутат Равшан Жээнбеков дагы ИИМдин сурагына келди. Ал Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча сурак берүүдө.
Кой-Таштагы окуя боюнча сурак берүүгө Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина чакырылган.
Эске салсак, Кой-Таштагы мурунку президенттин үйүндө күч органдары менен Атамбаевдин тарапташтары кагылышып, бир канча киши жабыркаган. Анда 1 киши октон каза таап, дагы бири оор абалда комада жатат. Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын 6 кишисин барымтага алып, аларды кечээ кое беришкен.