17:52
USD 87.45
EUR 101.82
RUB 1.12

Ысык-Көлдө жер көчкү коркунучу бар кооптуу тилкеге 500 даана көчөт отургузулду

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда жер көчкү коркунучу бар кооптуу тилкеге 500 даана көчөт отургузулду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, аянты 2 гектар жер көчкү коркунучу бар жер Шаты айылында жайгашкан.

«Натыйжада 5 турак үй корголот. Мындан тышкары Ысык-Көл районунда «Жашыл долбоорду» аткаруу максатында, Кумбел айыл ѳкмѳтүнүн Корумду айылында 300 даана ак терек кѳчѳтү тигилди», -деп билдиришти министрликтен.