17:45
USD 87.45
EUR 101.82
RUB 1.12

Бишкектеги активдүү жаштар Жаш Гвардия бульварына 500 түп көчөт отургузат

15-мартта Бишкектеги активдүү жаштар Жаш Гвардия бульварына 500 түп көчөт отургузат. Алар мындай аракети менен борбор калааны жашылдандырууга чакырык таштап, экология көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурмакчы.

Иш-чараны Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин «Демилге» фонду уюштурууда.

Бак-дарак тигүүгө илим-билимде, коомдук турмушта, чыгармачылыкта активдүү жаштар катышат. Жанар Акаев Бишкектин экологиясына жана тазалыгына кайдыгер карабаган жаштарды бул акцияга кошулууга чакырат.